Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Жапония Түндүк Кореянын атомдук программасынан кооптонот


Түндүк Корея өзүнүн атомдук программасын ишке ашыруу дымагын басаңдатуусу зарыл. Бул тууралуу Япониянын тышкы иштер министри Юрико Кавагучи айым Киевде, Украинанын тышкы иштер министри Анатолий Зленко менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын пикири боюнча, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан чатакты басуу зарыл экендигин бардык тараптар жакшы түшүнүп турат. Ошон үчүн Түндүк Корея өз дымагын басуусу зарыл. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ван И “АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан өз саясатын ачык кылышы зарыл, анткени АКШнын саясаты бул көйгөй боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт болушу мүмкүн” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG