Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Балкандагы албандар менен себрдер дагы эле тынчыбай жатат


Косовонун чыгышындагы Црница деген кыштактагы бир кафеде колдон жасалган эки граната жарылып, андан бир серб курман болуп, үчөө жараат алды. Бул сербдер менен албандар аралаш жашаган кыштак. Буга чейин август айында сууга түшүп жаткан эки серб уланды албандар атып салып, араздашууну күчөткөн эле. Аймактагы коопсуздукка Бириккен Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрү көзөмөлдүк кылып турушат. Сербиянын жетекчилиги коопсуздукту камсыз кыла албай жатат деп БУУнун бейпилдик күчтөрүнө ыраазы эместигин билдирди. Ал эми БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн жетекчилиги эки тараптын тең өкүлдөрү катып жүргөн каруу – жарактарын өз ыктыярлары менен тапшырууга бир айлык мөөнөт жарыялады.

XS
SM
MD
LG