Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Ливия Франциялык жарандардын өлүмү үчүн кун төлөөгө даяр


Ливия Франциянын 1989-жылы кырсыкка учураган самолетунда курман болгон жүргүнчүлөрдүн жакындарына төлөп берүүчү кундун көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу кечээ Ливиянын президенти Муаммар Каддафи билдирди. Анын айтымында, Ливия Батыш менен алакасын жөнгө салды жана Батыш менен байланыштын жаңы доору башталды. Ливия самолеттун жарылышы боюнча айыпты мойнуна алган эмес, бирок, каза болгон 170 жүргүнчүнүн жакындарына кунун төлөп берүүгө макул болгон. Ал мындай макулдукка Франция жарылууга Ливиянын тыңчыларынын катышы бар экендигин жарыя кылгандан кийин барган.

XS
SM
MD
LG