Бүгүн Ирактын өткөөл өкмөтүн түзүү аяктады. Тутуму 25 адамдан турган өткөөл өкмөт Иракты эмдиги жылы боло турган жалпы шайлоого чейин башкарат. Мунай тармагы боюнча министрлик орунга Ибрахим ал-Бакир Юлум дайындалды. Анын атасы Мохаммад Бакир ал-Юлум кечээ Неджефтеги жардыруудан кийин АКШлык-Британдык коалициянын аскерлери коопсуздукту камсыз кыла албай жаткандыгына нааразылык билдирип, Башкаруу кеңешине мүчөлүк милдетин аткаруудан баш тарткан эле.