“Ооганстандын расмий бийлиги талибдер менен эч кандай сүйлөшүүгө барбайт. Мындай билдирүүнү Ооганстандын премьер-министринин басма сөз катчысы Жамид Лудин, “расмий бийлик өкүлдөрү менен талибдер өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат” деген маалымат тарагандан кийин жасады. Анда Ооганстандын премьер-министри Хамид Карзайдын атынан сүйлөшүүнү Абдул Рехман Хотак жүргүзүп жаткандыгы, сүйлөшүүгө өкмөттүк аскерлер менен талибдердин бул вилайетиндеги катуу кагылыштары өбөлгө болгондугу айтылган. Кечээ күнү өкмөттүк аскерлер менен талибдердин ал жердеги кагылышуусунан АКШнын эки жоокери жана Ооган армиясынын бир нече өкүлү курман болушкан.