Сот аны өкмөткө каршы кутумдук иштерге катышкан жана “Жамаа-и Исламия” тобуна жетекчилик кылган деген айыптарды далилсиз деп тапты. Бирок өлкөнүн президенти Мегавати Сукарнопутриге каршы жасалган кыянат иштерге катышканы үчүн коюлган айыптарды күчүндө калтырды. Баширдин былтыркы террордук акцияларга тиешеси барлыгы да сотто аныкталган жок.