Бул жерде куралдуу албан улутчулдарын кармаганы ири масштабдуу операция башталды. Албан улутчулдары террордук акцияларды уюштурганы, эки полицменди кармап кеткени үчүн айыпталууда. Куралдуу кагылыштардан чочулап, жергиликтүү жүздөгөн тургундар Куманово районунан кетип жатышат. “Албан улуттук армиясы” деп аталган топ кечээ македон өкмөтүнөн аталган райондон аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылып, буга бир сутка мөөнөт берерин, шарт аткарылбаса куралдуу аракеттерге өтөрүн жарыялаган эле. Македониянын өкмөтү коюлган ультиматумду четке какты.