Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Ирактын Нажаф шаарында аятолла ал-Хакимдин таажиясы болуп өттү.


Ага, полициянын эсептеринде, 500 миңден бир миллионго чукул шийиттер катышты. Мусулман шийиттердин диний адыйы Мохаммед Бакир ал-Хаким өткөн жума күнү имам Алинин мечитинде жарылган бомбадан набыт болгон эле. Аятолла менен бирге, ар түрдүү маалыматтар боюнча, 80ден 120га чукул адам мерт болду. Бул иш үчүн шийиттер Саддам Хусейндин тарапкерлерин айыптоодо. Ал эми катарлык “Ал-Жазира” телеканалы уктурган үн тасмада өзүн Саддам деп атаган адам бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Нажафтагы бүгүнкү таажияга байланыштуу өзгөчө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлдү.

XS
SM
MD
LG