Окуяга күбө болгон багдаддык журналист бомба полициянын башчысы турган имаратка жакын жердеги автомобилге коюлганын, ал жарылган соң башка машиналар да жарыла баштаганын кабарлады. Жарылуудан бир киши набыт кетти, 14 чакты адам жаракат алды.Ушул эле күнү Багдадга чукул жерде жолго коюлган бомбага жарылып, америкалык аскерий полициянын эки кызматкери мерт болгон эле. Ал эми Багдаддын экинчи бир районунда вертолет кыйроого учурап, америкалык бир солдат мерт кетип, дагы бири жарадар болду. Бул маалыматтарды аскери командачылыктын өкүлү ырастады.