Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Табигый кырсыктардан жапа чеккендер үйлүү болушат


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстандагы табигый кырсыктардан жапа чегип, турак-жайсыз калган үй-бүлөлөрдүн баары үй менен камсыз болушат. Бул тууралуу бүгүн Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы турак-жай департаментинин жетекчиси Айчүрөк Тазабекова «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады. Анын айтымында, азыр жер көчкү, суу ташкындары сыяктуу табигый кырсыктардан жапа чеккен 259 үй-бүлөгө ссуда берилип, үйлөр курулууда. Аларга кредиттер мамлекеттин бюджетинен 15 жылдык мөөнөт менен, үстөк пайызы жок берилген. Жалпысынан быйыл Кыргызстанда ар кандай табигый кырсыктардын кесепетинен улам 864 үй-бүлө турак-жайсыз калган. Алардын негизги бөлүгү Ош облусуна туура келет. Облус боюнча 551 үй-бүлө табигый кырсыктарга байланыштуу турак-жайынан ажыраган.

XS
SM
MD
LG