БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны кайрадан Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын кечээки отурумунда маалымдалды. Быйыл февраль айында өткөн элдик референдумга ылайык, Кыргызстанда 2005-жылдан баштап бир палаталуу парламент түзүлөөрү, ал эми азыркы кош палаталуу парламент мөөнөтүнүн соңуна чейин өз ишин улантаары белгиленген. Буга байланыштуу июнь айынын соңунда Мыйзам чыгаруу жыйынында Жогорку Кеңештин иштөө тартиби тууралуу мыйзам кабыл алынган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин башчысы Абсамат Масалиевдин айтымында, бул мыйзам долбоору мамлекет башчысы тарабынан сунушталган алымча-кошумчалар менен кошо жакынкы күндөрү кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.