Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Палестинада саясий талаштар күч алууда.


Палестин лидери Ясир Арафаттын кеңешчиси палестин өкмөтү "Жол картасы" аттуу эл аралык тынчтык планын урматтайт, аны аткаруудан баш тарткан эмес деп билдирди. Андан мурдараак Арафат америкалык CNN телеканалынын журналисти менен болгон маегинде Израил палестиндерге каршы соңку чабуулдары менен эл аралык планды өлтүрдү, жокко чыгарды деп айткан болчу. Ошол эле учурда Палестинанын маалымат министри Набил Амр премьер-министр Махмуд Аббас эртең парламентке кайрылып, тынчтык орнотуу багытындагы аракеттерди башкаруу милдетин өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылат деп маалымдады. Ройтерс агенттиги кабарлагандай, Аббас депутаттар анын саясатына расмий түрдө колдоо билдирбесе, кызматынан баш тартышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG