Македон өкмөтү бул чөлкөмдө соңку кездерде албан согушкерлеринин активдешүүсү жаңы улуттар аралык кан төгүүгө айланып кетпесин деп чочулоодо. Полициячылар өз алдынча түзүлгөн Албан улуттук армиясынын лидери Авдил Якуп жашырынышы мүмкүн деп шектелген эки кыштакты курчоого алышты. Македон бийликтери өткөн аптада бир полициячы офицерди уурдап кетип, кийин бошоткон адамдар ушул бейрасмий уюмдун мүчөлөрү деп шектенүүдө. Ошол окуядан кийин Авдил Якуп изин жашырып кеткен.