Брюсселде өткөн жыйындын соңунда таратылган биргелешкен билдирүүсүндө алар Иракты калыбына келтирүүгө жумшалчу миллиарддаган долларлык жардам АКШга баш ийген Ирактын администрациясына көз каранды эмес фондго топтолору айтылган. Ошондой эле донорлор эл аралык коомчулук көргөзчү жардам өз максатына жетиш үчүн Иракта тийиштүү коопсуздук чаралары ишке ашырылып, бийлик эл шайлаган демократиялуу өкмөткө өтүшү керектигин белгилешкен.