Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:42

Кытайлык делегация Нарын облусуна иш сапары менен келди


НАРЫН. Курамы 11 адамдан турган делегацияны коңшу өлкөнүн Кызылсуу кыргыз автоном облусунун Элдик курултайынын туруктуу комитетинин төрагасы, Кытай коммунисттер партиясынын облустук комитетинин биринчи катчысы Ван Шин Хуяй мырза жетектеп келген. Делегациянын мүчөлөрүн бүгүн губернатор Аскар Салымбеков кабыл алды. Ал меймандарга Нарын облусунун географиялык, социалдык-экономикалык ал-абалын кеңири баяндап берди. Ал эми коңшулар болсо өз ара соода-экономикалык, маданий кызматташтыкты чыңдоо, Кыргызстанда жүрүп жаткан рынок экономикасы менен жеринде таанышуу, карым-катнашты бекемдөө максатында келишкенин билдиришти.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев.

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG