Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Өлүктөрдү экспорттоо маселеси Жогорку Кеңеште каралды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат жана ишкерлик боюнча комитетинде Кыргызстандан чет өлкөгө өлгөн адамдардын денелерин экспорттоо маселеси талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттык сактоо, Ички иштер министрликтеринин, Медицина академиясынын жетекчилери, ошондой эле Германияга жасаттары жөнөтүлгөн маркумдардын туугандары катышты. Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков Медицина академиясы тарабынан маркумдардын жасаттары мыйзамсыз, коммерциялык кызыкчылыкты көздөө менен жөңөтүлгөндүгүн билдирди. Ал эми Медицина академиясынын ректору Искендер Акылбеков Германияга сөөктөр Гельдерберг шаарынын Пластинация инсититуту менен түзүлгөн келишимдин негизинде жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Сөөктөрү Германияга жиберилгендердин туугандары болсо бул фактылар боюнча сот органдарына кайрылышаарын билдиришти. 1997-2001-жылдар аралыгында Германиянын Гельдерберг шаарынын Пластинация институтуна Кыргызстандан 500 кишинин сөөгү жеткирилген.

XS
SM
MD
LG