Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Мыйзам чыгаруу жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы каралмакчы


БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өз ишин улантып, анын отурумунда өкмөттүн аткарып жаткан иштери, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланат. Жыйында Бишкектеги «Алатоо» аянтынан В.И.Лениндин эстелигин которууга байланыштуу маселе да каралат. Палатанын алдыдагы отурумуна кыргыз өкмөтү толук курамында чакырылган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматы бүгүн билдиргендей, палатанын отурумуна президент Аскар Акаевдин да катышуусу күтүлүүдө. Премьер-министр Николай Танаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жөнүндө депутаттарга кеңири маалымат берет. Мындай токтомду Мыйзам чыгаруу жыйынын кечээ, жайкы эс алуудан кийинки алгачкы отурумунда кабыл алган.

XS
SM
MD
LG