БИШКЕК. Бүгүн кыргыз өкмөтү менен орусиянын «Газпром» акционердик коомунун ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун ишке ашырылышынын абалы Өкмөт Үйүндө талкууланды. Бул макулдашууга быйыл май айында кол коюлган жана анда Кыргызстандын аймагында газ менен мунай өндүрүүнү арттыруу, бул тармактагы соода иштерин өнүктүрүү, май куюучу бекеттерин куруу сыяктуу иш-чаралар каралган. «Газпромдун» вице-президенти Александр Рязанцев билдиргендей, жакынкы 1,5 айдын ичинде Орусия бул макулдашуу боюнча Кыргызстанга инвестицияларын алып келе баштайт.