Франция президенти Жак Ширак менен Германия канцлери Герхард Шрөдер бүгүн жолугушуп, Европа Биримдигинин алдындагы маселелер, Ирак жана Жакынкы Чыгыш проблемалары боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Эки жетекчинин сүйлөшүүсүнө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Йошка Фишер жана Доминик де Вилпен да катышууда. Сүйлөшүүлөр Германиянын Дрезден шаарында өтүүдө. Эки мамлекет АКШнын Ирактагы согушуна каршы чыгышкан жана алар Жакынкы Чыгыш «жол картасы» тынчтык планын түзүүчүлөрдүн катарында. Акыркы кезде региондо орун алган кагылышуулардан улам «жол картасы» планын турмушка ашыруу күмөндүү боло баштады.