Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

ШКУнун министрлери Ташкентте


Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө алты мамлекеттин тышкы иштер министрлери бүгүн кечке жуук Ташкентте жолугушуп, террорго каршы күрөш маселесин талкуулашат. Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, министрлер Өзбекстанда келерки жылы антитеррордук борборду түзүү планын талкуулашат. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттердин министрлери Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясынын сессиясына даярдык көрүү маселесин да талкуулашат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG