Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

Орусия Иракка аскер жибере алат


Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Бириккен Улуттар Уюмуна кеңири ыйгарым-укук берүүчү чечим кабыл алынса, Москва Иракка аскер жиберүүсү мүмкүн экендигин бүгүн билдирди. Анын айтымында, Орусия АКШ тарабынан даярдалып жаткан Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоору менен таанышууда жана ага карата өз пикирин билдирет. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да Иракта Бириккен Улуттар Уюмуна көбүрөөк ыйгарым-укук берилишин жактаарын билдирди. Америка Кошмо Штаттары Иракта БУУга көбүрөөк бийлик берүүчү жаңы резолюциянын долбоорун даярдап, ал аркылуу бир катар мамлекеттерди өлкөдөгү тынчтыкты камсыздоо иштерине тартууга аракеттенүүдө. Жаңы долбоор кийинки жумада Улуттар Уюмунун кароосуна берилмекчи.

XS
SM
MD
LG