Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

АКШнын Ирактагы аскердик жетекчилиги көп сандагы эл аралык тынчтык күчтөрү керектигин билдирүүдө


Ирактагы АКШнын аскерлеринин жогорку жетекчиси өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көп сандагы эл аралык тынчтык күчтөрү керектигин билдирди. Генерал-лейтанант Рикардо Санчестин айтымында, эгерде Иракта этникалык топтордун ортосунда кагылышуу болуп кетсе, аны четтетүүгө азыркы күч жетишпейт. Санчес ошондой эле террордук чабуулдарды токтотуу оңой эмес экендигин да билдирди:

- Бомба салынган автоунааларды жардыруу террордук акт экени баарына белгилүү деп ойлоймун. Бирок буга каршы чараларды көрүү кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Чалгындоо кызматтары террордук чабуулдун алдын алууга аракеттенген менен, аны ишке ашыруу оңой эмес болуп жатат.

Ирактын Тикрит шаарында бүгүн АКШ аскерлери менен Саддамдын тарапкерлеринин ортосунда ок атышуу болду.
Коалициялык күчтөр бул шаарда төрт адамды камакка алды.

XS
SM
MD
LG