Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:20

«Байчечекей» журналынын атайын саны чыкты


БИШКЕК. Бүгүн окуу жылынын башталышына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына карата балдар үчүн «Байчечекей» журналынын атайын саны чыкты. Аны басмадан чыгарууга президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмү, «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» программасынын катчылыгы жардам берген. Бул тууралуу бүгүн журналдын редактору Токтосун Самудинов «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегиянын алкагында чыгарылган бул журналдын негизги максаты - КОР программасы менен жаш жеткинчектерди аз да болсо тааныштыруу, жаш муундарды тарбиялоо. Атайын чыгарылган 10 миң нускадагы бул журнал өлкөнүн аймагындагы 2 миңден ашуун мектептерге, 50гө жакын мектеп-интернаттарга, балдар үйлөрүнө бекер таркатылат. Балдардын «Байчечекей» журналы 1977-жылдын 1-январында алгачкы жолу жарыкка чыккан. Учурда ал ай сайын 5 миң нуска менен чыгып турат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG