Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Парламенттин айрым депутаттары өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтынан В.И.Лениндин эстелигин которуунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе карала баштады. Депутаттардын көпчүлүгүнүн сунушу менен адегенде премьер-министр Николай Танаев эмне себептен В. И. Лениндин эстелиги башка жерге которулганы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Лениндин эстелигин которуу мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн айтты. Ал эми Т.Усубалиев, А.Масалиев, И.Кадырбеков ж.б депутаттар Лениндин эстелигин которуу менен өкмөт бул эстелик жөнүндө 2000-жылы кабыл алынган мыйзамды одоно бузганын айтып, муну кылмыш иши катары баалашты. Айрым депутаттар «кыргыз өкмөтү ар убак мыйзамдарды бузуп келе жатканын» айтып, өкмөттүн ишин сынга алып, Н.Танаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Эртең Мыйзам чыгаруу жыйыны бул маселени кароону улантып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жөнүндө премьер-министрдин отчетун угат.

XS
SM
MD
LG