Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Бишкекте аз улуттардын маселелери боюнча эл аралык конференция башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Аз улуттар - Кыргызстан элинин маанилүү бөлүгү» деген темадагы эл аралык конференция Европалык улуттук азчылыктар федералисттик кошунунун колдоосунда өз ишин баштады. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Конференцияны Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев ачты. Ал Кыргызстанда улут саясаты туура жүргүзүлүп, аз улуттардын кызыкчылыгын колдоодо алгылыктуу иштер аткарылганына токтолду. Конференциянын жүрүшүндө өлкөдөгү аз улуттардын тилин, маданиятын сактоодо жана өнүктүрүүдө Кыргызстандын Кониституциясы эл аралык нормаларга жооп берээри белгиленди. Мындан тышкары, «Кыргызстанда жашаган аз улуттар тууралуу» мыйзамдын долбоору талкууга алынды.

XS
SM
MD
LG