Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Бишкек шаардык соту пенсионер менен өкмөт башчысынын сот ишин дүйшөмбүгө жылдырды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун төрагасынын орун басары, пенсионер Михаил Корсунскийдин апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүүнү дүйшөмбүгө жылдырды. Буга премьер-министр Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучковдун мындан башка дагы маанилүү сот иштери бар экени себеп болду. Бул соттук териштирүүгө пенсионер М.Корсунскийдин быйыл 2-апрелде «Моя столица» гезитине чыккан «Селейменин дабасы - сот» аттуу макаласы себеп болгон. Андагы М. Корсунскийдин жазганына караганда, «…акыркы 4 жыл ичинде пенсионерлердин жана салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 4 млрд. сом мыйзамсыз алынган. Пенсиялык фонддон көлөмдүү акча каражатынын жок болушуна премьер-министр Николай Танаевдин катышы бар. Ал ошол убакта Мамлекеттик камсыздоо башкармалыгына байкоо кеңешин жетектеген». Өкмөт башчысы Николай Танаев макала негизсиз, каралап жазылганын айтып, жеке абийирине шек келтиргендиги үчүн «Моя столица» гезитинен 5 млн. сом жана макаланын авторунан 2,5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп, Ленин райондук сотуна арыз жолдогон. Быйыл 19-июлда Ленин райондук соту «Моя столица» гезитин 500 миң сомго, макаланын авторун 5 миң сомго айыпка жыккан. Соттун чечимине каршы болгон пенсионер М.Корсунский апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG