БИШКЕК. Бүгүн Ташкенде Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өз ишин улантты. Ага уюмга мүчө болгон Орусиянын, Кытайдын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрликтеринин башчылары катышууда. Жыйында регионалдык жана эл аралык маселелер, Шанхай Кызматташтык Уюмунун туруктуу иштеген органдарын түзүүгө байланыштуу проблемалар талкууланды. Бүгүн Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, ШКУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүштү.