Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Бишкекте «Рентонгрупп» компаниясына каршы нааразылык акциясы болду


БИШКЕК. Бүгүн Улуттук банктын алдына «Рентонгрупп» компаниясынын 250дөй аманатчысы нааразылык акциясына чыкты. Пикетке чогулгандар менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева чыгып сүйлөшүп, «Рентонгрупп» компаниясына Улуттук банктын эч кандай тиешеси жок экенин түшүндүрдү. Нааразы болгон аманатчылар өкмөттөн жана Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиядан өкүлдөрдүн келишин талап кылышты. Бирок өкмөттөн эч ким келген жок. Ал эми Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиядан келген өкүлдүн «Рентонгрупп» компаниясы тууралуу түшүндүрмөлөрү аманатчыларды канааттандырган жок. Аманатчылар 17-сентябрда кайрадан пикетке Ички иштер министрлигинин алдына чыгышат. 1997-жылы Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн «Рентонгрупп» компаниясы 55 млн. сомго облигация чыгарып саткан. Андан тышкары, компания векселдерди да чыгарып саткан. Бирок, кандай өлчөмдө сатканы азырынча белгисиз. «Рентонгрупп» компаниясынын кредиттик карызы 263 млн. сомду түзөт. Азыр компаниянын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ички иштер министрлигинде тергөө иштери жүрүп жатат. Министрликтин маалыматы боюнча, «Рентонгрупп» 2 миңге жакын аманатчыга карыз.

XS
SM
MD
LG