Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

АКШ жетекчилиги дагы он адамдын банк эсептерин камакка алды


АКШ жетекчилигинин айтымында, бүгүн Америкада дагы 10 адамдын банк эсептери камакка алынды, алар - Индонезияда аракеттенген "Жемаа Исламия" атуу уюмдун мүчөлөрү болгон деп шектелүүдө. Уюм - "аль-Каида" деп аталган террордук тармакка мүчө болуп кирет деген маалымат бар жана уюм - былтыр Бали аралында ишке ашырылган террор аракетин уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Жардыруудан 202 адам курман болгон. 2001-жылдын 11-сентябрынан бери АКШ 305 адам жана уюмду террорчулар же аларга жардам көрсөткөндөр деп күнөөлөдү жана алардын бардыгы болуп 137 миллион доллары бар банк эсептери камакка алынды.

XS
SM
MD
LG