Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Орус-казак чек арасында 144 килограмм героин кармалды


Орус чек-арачылары бүгүн Казакстан менен Челябинск дубанынын ортосундагы чек арада 144 килограмм героин кармаганын билдиришти. Героин - "КамАЗ" машинесине жүктөлгөн жашылча-жемиштин арасында катылган жана машине Орусияга Өзбекстандан келаткан. Бардыгы болуп орус-казак чек арасында үстүбүздөгү жылы 400 килограмм баңги зат кармалды, анын 260 килограммы - героин. Болгария менен Румыния чек арасында дагы бүгүн 137 килограмм героин кармалды, ал жүк ташуучу машинедеги помидорлор арасына катлыган.

XS
SM
MD
LG