Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Шанхай уюмунун антитеррордук борбору Ташкенде жайгаштырылат


Шанхай кызматташуу уюмуна кирген алты мамлекеттин тышкы иштер министирлери бүгүн Ташкен шаарында жолугуп, эл аралык террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулады. Уюмдун антитеррордук борборун эмдиги жылы Ташкенде ачуу тууралуу чечим кабыл алынды. Андан тышкары, министирлер - күзүндө Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттардын сессиясында карала турган маселелерди да талкуулады. Уюмга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG