Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Ооганстандагы салгылашууда жүзгө жакын талиб өлтүрүлдү


Ооганстандын өкмөттүк куралдуу күчтөрү кечээ күнү АКШ аскерлеринин жардамы менен Талибан согушкерлерине каршы ири чабуул өткөрүп бүттү. Өлкөнүн түндүгүндөгү Забул провинциясында орун алган жана бир аптага уланган салгылашууларда жүзгө жакын согушкер өлтүрүлдү. Провинциянын чалгындоо кызматынын башчысы Халик Хотактын айтымында, талиб чабуулунун мизи кайтарылып, алар чегинди жана бүткүл провинцияны азыр өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөйт. Операцияга бир миңге жакын аскер катышты жана алар азыр талибдердин калдыктарын кууп жок кылууда.

XS
SM
MD
LG