Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Наблус шаарына түндө израилдик аскерлер рейд жасап, Хамас уюмунун жетекчилеринин бири Мухаммад Ханбалини атып өлтүрдү. Аны менен кошо бир жөөт аскери да курман болду. АКШ болсо Палестина жетекчилигине кайрылып, аны - террорчулукту токтотууга бардык мүмкүн болгон аракетти көрүүгө чакырды. Палестина автономиясынын премьер-министри Махмуд Аббас кечээ күнү парламентке кайрылып, же аны толук колдоого, же кызматтан алып салууну суранды. Парламент маселени эртең жабык эшик артында караштырат. АКШ мамлекеттик департаментинин айтымында, төрага Ясер Арафат болсо эч маселелерге кийлигишпеш керек.