Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Мусулман элдери арасындагы АКШнын кадыр-баркы төмөн түшүүдө


АКШ Конгрессинин Эсептөө палатасы жарыялаган жаңы докладда келтирилген маалыматтарга караганда, ислам дүйнөсүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын кадыр-баркы төмөн түшүүдө. Көз карандысыз сурамжылоолордун жыйынтыктарына негизделген докладда - акыркы үч жыл ичинде Индонезия, Йордания, Ливан, Марокко, Пакистан жана Түркия элдери арасында АКШга карата мамиле начарлады деп айтылат. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террор аракеттеринен кийин АКШ жетекчилигинин башка андай теракттардын алдын алууга багытталган аракеттери коомдук пикирди өзүнө каршы бурду.

XS
SM
MD
LG