Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Бириккен Улуттарда Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоору талкуулана баштады


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде бүгүн кечинде - АКШ даярдаган жаңы резолюциянын долбоору талкуулана баштайт. Ага ылайык, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар кененирээк катышат жана өлкөгө дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринен бейпилдик аскерлери келүүгө тийиш. Бирок Ирактагы саясий жана аскерий жараяндарды АКШ башкарат. Алмания менен Франция долбоорду сынга алууда, Коопсуздук Кеңешинде учурда төрагалык кылган Улуу Британиянын пикиринде болсо, маселе ылдам эле оң чечилет. Американын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, оңдоо жана толуктоолор боюнча сунуштарды угууга АКШ даяр.

XS
SM
MD
LG