Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Испанияда катарлык “Ал-Жазира” телеканалынын кабарчысы камалды


Бийликтер журналист Тайсир Алунини “Ал-Каида” менен байланышы бар деп шектенишет. Алуни теги жагынан сириялык болот, бирок Испаниянын жараны. Испан полициясы аны өлкөнүн түштүгүндөгү Гранада шаарында өз үйүндө кармап, камакка алды. Алуни Ооганстандан жана Ирактан уюштурган репортаждары менен кеңири белгилүү болгон. 2001-жылы Усама бин Ладенден интервью алган. ”Ал-Жазира” телеканалынын жетекчилиги жана журналисттин үй-бүлөсү Алунинин террористтер менен эч кандай байланышы жок деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG