Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Иран өкмөтү террористтерди Иракка өткөрүүгө көмөктөшүп жатканы карандай калп


Бул тууралуу бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи билдирди. Иранды Ирактагы террористтерге жардамдашып жатат деп Пентагондун башчысы Рамсфелд айыптаган эле. Бул пикирди кескин четке кагып, Асефи терроризмдин масштабы кеңейип жатканына Кошмо Штаттардын саясаты күнөөлүү, деп билдирди. Тегерандык өкүлдүн айтымында, Вашингтон эми өз катачылыгын башкалардын мойнуна жүктөй салганга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG