Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун талкуулоо уланууда


Документ Иракка эл аралык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүнү, ал эми өлкөдөгү абалга саясий жана аскерий көзөмөл жүргүзүүнү Кошмо Штаттарына калтырууну сунуш кылат. Резолюциянын долбоору айрым өлкөлөрдүн каяшасын пайда кылды. Франция менен Германия Иракта ООНдун ролун жогорулатууну, бийликти эртерээк ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү жакташат. Буга байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл ырасмий Париж менен Берлинди долбоорду жөн эле сынга ала бербестен, конкреттүү сунуштарды айтканга чакырды. Америкалык администрация башка пикирлерди эске алганга жана бул иште ийкемдүүлүктү көрсөткөнгө даяр, деп билдирди ал.

XS
SM
MD
LG