Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

Палестин премьер-министри кызматтан кеткени жатат


Автономиянын маалымат министри Набил Амр билдиргендей,бүгүн эрте менен Махмуд Аббас премьерликтен баш тарткан арызын Ясир Арафатка жөнөттү. Арафат бу маселе боюнча азырынча бир чечимге келе элек. Махмуд Аббас мындан төрт айдай мурда премьерликке дайындалган эле, бирок эл аралык “жол картасы” планын жүзөгө ашырууда олуттуу каршылыкка учурады. Коопсуздук күчтөрүнө контролдук кылуу маселесинде Арафат менен пикир келишпестиктери күч алды. Бүгүн Аббас палестин парламентинин мүчөлөрү менен жолугуп, өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин талкуулап,премьерлик кызматтан кеткенге аргасыз кылган себептерди белгиледи.

XS
SM
MD
LG