БИШКЕК. 10-13-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөөл мезгилди башынан кечирип жаткан өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча эл аралык бешинчи конференция өтөт. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев жана «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова катышат. Стамбулда өтө турган бул жыйынга дүйнөнүн 120 өлкөсүнүн мамлекеттик органдарынын, жарандык бирикмелеринин, ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Жыйынга Дүйнөлүк Банк баш болгон эл аралык финансы уюмдарынын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн да катышаары күтүлөт. Стамбулдагы жыйында анын катышуучулары өткөөл мезгилдеги мамлекеттерде коррупцияга каршы күрөштүн ийгиликтерин, коррупцияга каршы күрөштүн жолдорун талкуулашып, тажрыйба алмашышат. Жыйында Кыргызстандагы коррупция боюнча маалымат берилиши күтүлүүдө. Бул жөнүндө маалымат бүгүн Демократияны өнүктүрүү фондунан алынды.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева
Редактор – Жыргалбек Касаболотов