Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:34

Лондондун полициясы террактылардын кесепетин жоюуга даярдык көрдү


Улуу Британиянын полициясы бүгүн террорристтик чабуул болсо кандай чара көрүү керектигин тактаган машыгуу өткөрдү. Лондондогу өлкө банкы жайгашкан имараттын алдындагы метро станциясына медициналык тез жардам көрсөтүүчү врачтар, өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар чогулуп, химиялык терракт жасала турган болсо элге кантип жардам көрсөтүү, ал жерден элди кантип алып чыгаруу керектигин окуу жүзүндө аныкташты. Мындай машыгуу террордук акт болуп калса анын кесепеттерин жоюуга жакшы даярдыкта болуу максаты менен жүргүзүлдү.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG