Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Ирактагы күрддөр нааразылык демонстрация өткөрүштү


Бүгүн Ирактын Киркук шаарынын 5 миңдей тургуну жергиликтүү уруунун АКШ аскерлери тарабынан камакка алынган башчысын бошотууну талап кылышкан демонстрация өткөрүштү. Ал уруу башчысы өткөн айда мунай куурларын жардырды деген шек менен кармалган. Алар андан тышкары Киркукта күрддөрдүн өз өкмөтүн түзүп, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.Ал эми АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Иракта абал жөнгө салынып калгандыгын, Саддам Хусейндин бийлиги учурунда кызмат кылган жана АКШ колго түшүрүү керек деп жарыя кылган 55 адамдын 42си колго түшүрүлгөндүгүн баса белгилеп, Иракты калыбына келтирүү үчүн убакыт гана талап кылынаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG