Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Армения президенти Тоолуу-Карабак чатагын жөнгөрүүгө салым кошууга Болгарияны чакырды


Болгарияда сапарда жүргөн Армениянын президенти Роберт Кочарян Тоолуу-Карабак маселесин чечүүгө салым кошууга Софияны чакырды. Бүгүнкү сөзүндө Кочарян келерки жылы Болгария Европанын Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун төрагалык милдетин аткарууга киришет жана мына ошол мезгилде Азербайжан менен Армения ортосундагы чатакты жөнгөрүүгө салым кошо алаарын белгиледи. Өз кезегинде болгар президенти Георгий Парванов ЕККУнун күн тартибине бул маселени койорун билдирди. Көпчүлүк калкы армяндар болгон Тоолу-Карабакта 1990-жылдардын баш ченинде Азербайжандан бөлүнүү максатында согуш жүрүп, анын натыйжасында Баку бул чөлкөмдү көзөмөлүнөн чыгарган. Азербайжан өкмөт башчысы Илхам Алиев Тоолуу-Карабак маселесине эл аралык коомчулук жетиштүү көңүл бурбай жатат деп өткөн жумада билдирген эле.

XS
SM
MD
LG