Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Иракта АКШ аскерлерине кол салуу токтобой жатат


Бүгүн Багдаддагы Тигр дарыясынын көпүрөөсүнөн өтүп бараткан кезде АКШ аскерлеринин автоунаасы жардырылып, андан эки жоокер жарадар болду. АКШ аскерлеринин басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, жардыруудан ошондой эле эки автоунаа да зыянга учурады. Ал эми Саддам Хусейиндин кичи мекени болгон Тикрит шаарында АКШ аскерлери коалициялык күчтөргө кол салуучуларды кармоо максатында операция жүргүзүп, анын учурунда шектүү төрт кишини кармашты. Тикрит шаарында АКШлык аскерлерге үзгүлтүксүз кол салуулар болуп турат.

XS
SM
MD
LG