Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иран маселесин карай баштады


Бүгүн Венада Бириккен Улуттар Уюмунун атомдук энергия боюнча агенттиги өз сессиясында Ирандын өзөктүк программасын жабык эшик артында талкууга ала баштады. Жыйында Улуттар Уюмунун эксперттери тарабынан куралга пайдаланылчу байытылган урандын издеринин Иранда табылышы жана өлкөнүн өзөктүк программасындагы дагы башка бүдөмүк маселелер каралат. Сессия ачылаар алдында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мухамед Эл-Барадейи Иранга кайрылып, бардык суроолорго ачык жооп берүүгө чакырды. Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлиги агенттик маселени «саясатка аралаштырбай карашы» керектигин билдирген эле. Маалыматка караганда, Венадагы жыйын соңунда резолюция кабыл алынып, анда өзөктүк ишканаларын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү кошумча протоколго кол коюу Тегеранга сунушталмакчы. Америка Кошмо Штаттары Иран өзөктүк куралга ээ болууга аракеттенүүдө деп шекшисе, Иран өзөктүк кубатты эл турмушуна пайдаланаарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG