Палестин президенти Ясер Арафат өлкөнүн өкмөт башчылыгына Палестин парламентинин төрагасы Ахмед Корейини сунуштады. Ахмед Корейи бул сунушка негизинен макул болуп, бирок кызматка дайындалаардан мурда АКШ менен Европа Биримдигинин аны колдоору тууралуу кепилдиги керектигин билдирди: Мен бардык тараптардын тынчтык жараяны боюнча позицияларын билгим келет. Алар Палестина тараптан эмнени каалап жатышат. Израил эмнени каалап, эмнени сунуштайт. АКШ жана Европа Биримдиги мага кандай кепилдик берип, кандай колдоо көрсөтөөрүн билгим келет. Катачылыкка жол бергим келбейт, мен эмне мүмкүн, эмне мүмкүн эместигин так билип алайын. Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Хавьер Солана Ахмед Корейинин талапкерлигин Биримдик колдоорун билдирди. АКШнын пикири азырынча белгисиз. Бүгүн эрте менен Израилдин аскерлери Газа секторундадагы Ерец өткөрмө бекетинде бир куралдуу палестинди атып өлтүрдү. Израил тарап куралдуу палестин бекеттеги аскерлерди атууга камданган эле деп билдирүүдө.