Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

АКШ президенти Ирак жана Ооганстан үчүн Конгресстен 87 млрд доллар сурады


АКШнын Ирактагы администрацияынын башчысы Пол Бремер Кошмо Штаттар Иракты калыбына келтирүү үчүн болуп көрбөгөндөй көп суммада каражат жумшоону караштырып жатканын билдирди.Бул тууралуу ал президент Жорж Буштун өткөн түнкү өлкө калкына теле аркылуу кайрылуусуна комментарий жасап жатып маалымдады .Буш Ирак жана Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн келерки жылга Конгресстен 87 млрд доллар сураган эле. Жорж Буш өз сөзүндө терроризмге каршы күрөштө Ирак борбордук майдан болуп калганын билдирген эле: Эки жыл мурда Конгресске жасаган кайрылуумда террорго каршы согуш ар кайсы жерде, ар кайсы багытта жана узак болоорун айткан элем. Азыркы кезде Ирак террорго каршы күрөштүн негизги майданы болуп калды. Ал эми Британиянын коргоо министри Жеф Хун өлкөнүн Ирактагы 11 миң аскерине кошумча дагы бир миң жоокер жиберилээрин маалымдады.

XS
SM
MD
LG