Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Британ парламентинин өкүлдөрү Кыргызстанга келишти


БИШКЕК. Кечээ Кыргызстанга британ парламентинин Джим Казнс баштаган депутаттык тобу иш сапары менен келди. Эртең чет элдик делегация президент Аскар Акаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугушат. Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматынын кабарына караганда, британиялык өкүлдөр өкмөт башчысы Николай Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Жолугушуу учурунда эки өлкө ортосундагы парламент аралык байланышты жана соода-экономикалык, илимий, маданий карым-катнашты чыңдоо маселелери талкууланат.

XS
SM
MD
LG