Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

15-сентябрда Бишкек шаарынын мэри шайланат


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Бишкек шаарынын мэрин 15-сентябрда шайлоо тууралуу буйрукка кол койду. Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мисир Ашыркулов Бишкек шаарынын мэрине талапкерлерди көрсөтүүчү мамлекет башчысынын өкүлү болуп дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясынын юристи Б.Зулпуевдин маалыматына караганда, президенттин өкүлү Бишкек шаарынын башчылыгына бир нече талапкерди көрсөтөт. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары алардын ичинен бирөөнү шайлашат.

XS
SM
MD
LG