Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

ШКУнун Регионалдык антитеррордук борборунун Ташкенге которулушу кайчы пикирлерди жаратууда


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) таандык Регионалдык антитеррордук борборду Бишкектен Ташкенге которуу эки себеп менен негизделди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Аскар Айтматовго шилтеме берип, дүйшөмбүдө «АКИпресс» агенттиги жазып чыкты. Анда белгиленгенге караганда, Эл аралык антитеррордук коалициянын ийгиликтүү операцияларынан улам Кыргызстанга экстремисттердин кол салуу коркунучу азайды. Коркунуч Кыргызстан антитеррордук борбор түзүү демилгесин көтөрүп чыккан 2000-жылы күчтүү болчу. Экинчиден, Кыргызстанга салыштырмалуу Өзбекстанда экстремисттик аракеттердин коркунучу азыр көбүүрөөк. Ушул эле күнү Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул маселе ШКУнун Москвада өткөн саммитинде чечилген жана чечим чыгарууда тигил же бул өлкөнүн эмес, региондун кызыкчылыгы эске алынган.
Бирок бул чечим кыргыз саясатчыларынын арасында түрдүү пикирлерди жаратууда. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, мындай чечим Кыргызстан менен кеңешилбей туруп, Орусиянын демилгеси менен кабыл алынды. Анын пикиринде, буга чейин макулдашылып, акыркы чекит коюлган документтин кайрадан өзгөртүлүшү Кыргызстандын тышкы саясаттагы кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө түзбөйт.

XS
SM
MD
LG